top of page
  • Writer's pictureumai group

“Достор”. Бишкекте досторго жаккан баалар менен бир учурда үч дүкөн ачылат


Кыргызстандыктар арасында белгилүү болгон жана алардын сүймөнчүлүгүнө айланган “Достор” дискаунтер-дүкөндөр тармагы кеңейүүнү улантууда. Досторго жагымдуу баалар менен үч жаңы соода дүкөнүн Бишкек шаарында ачуу пландалууда.

«Достор» – соода түйүндөрдүн жаңы форматы, соода кылууга жаңы жана заманбап көз караш. Анын башкы айырмасы – максималдуу арзан бааларында. Мындай баа коюу ассортименттерди оптимизациялоодон, эң зарыл делген товарларды сатыкка коюудан жана операциялык чыгымдарды азайтуудан улам жетишилет.
  • 29-ноябрда тармактын 9-дүкөнү “Достор-Тулпар” керектөөчүлөр үчүн эшигин ачат. Ал “Ак-Бата” конушунун Ак-Бата, 1 көчөсү, 2а дарегинде жайгашкан.

Ал эми декабрь айынын экинчи жарымында:

  • Толстой көчөсү, 79 (Репин көчөсү менен кесилиште) дарегиндеги 10-дүкөн – “Достор-Пишпек”,

  • Гагарин көчөсү, 183 (Маликов көчөсү менен кесилиште) дарегинде “Достор-Раэль” дүкөнү ачылат.


“Достор” дискаунтер-дүкөндөрү эмнеси менен жагымдуу? Бул күн сайынкы сатып алууларга карата жаңы көз караш. Дүкөндөр чакан жана ыңгайлуу. Анда ЖАЛАҢ КЕРЕКТҮҮ ТОВАРЛАР, АШЫКЧА, БАШ АЙЛАНТКАН НЕРСЕ ЖОК. Дүкөндүн текчелеринде дээрлик 1 миң 250 товардык позиция, анын ичинде жеке соода маркасындагы товарлар бар.

Маанилүү! Тармак сатылып жаткан товарларды кепилдөө үчүн ишенимдүү жана көп жылдан берки жеткирүүчүлөр менен иштешет.


«Достор» кардарларынын каражатын гана эмес, баа жеткис убактысын да үнөмдөөгө жардам берүү менен аларга кам көрөт.

Көп тармактуу квалификациялуу кассир-консультанттар эч качан жардамдарын аяшпайт, сатып алуучуга керектүү товарлар боюнча кеңири түшүндүрмө беришет.


Тармакта арзандатуулар системасы жок – бул жерде арзандатуунун кереги жок, себеби ансыз да баалар кардарлар үчүн пайдалуу. “Достор” БААЛАР МЕНЕН КУБАНДЫРАТ, ТАНДООНУ ЖЕҢИЛДЕТЕТ жана ҮНӨМДӨӨГӨ КӨМӨК БЕРЕТ.

“Достор” жаңы дүкөндөрүнүн эшиги кардарлар үчүн күн сайын саат 09:00дөн 21:00гө чейин ачык.


Тармактын башка дүкөндөрүнүн иш тартибин жана даректерин эсиңиздерге салабыз:


Бишкек шаары:

● «Достор» – «К.Акиев», Акиев көчөсү, 55, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт;

● «Достор» – «Республикалык», Жибек Жолу проспектиси, 631, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт;

● Ауэзов көчөсү, 11/1;

● «Достор» – «Горький», Горький көчөсү, 108, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт;

● «Достор» – «Жаш Гвардия», Жаш Гвардия бульвары, 74, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт;


Токмок шаары

  • «Достор» – «Токмок», Ибраимов көчөсү, 135, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Новопокровка айылы

  • «Достор» – «Новопокровка», Ленин көчөсү, 691, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Романовка айылы

  • «Достор» – «Романовка», Фрунзе көчөсү, 86, күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Достор» — достук баадагы товарлар!

"Умай Групп" ЖЧКсы "Достор" тармагын башкаруучу компания.



댓글


댓글 작성이 차단되었습니다.
bottom of page