Компания жетекчилигинде өзгөрүүлөр.
- umai group
- Oct 31, 2024
- 1 min read
Updated: Apr 3

Бүгүн Артём Лыжин башкаруучу директор кызматына киришти.
Буга чейин ал бизнести өнүктүрүү департаментин жетектеген.
Равиль Рахматулин «Умай Групп» гана эмес, бардык компаниялар группасынын жетекчилер Кеңешинде ишин улантат.
Артем Лыжиндин учурашуу сөзү:
Кесиптештер, биз мыкты командабыз жана Кыргызстан рыногунда татыктуу лидер болуп саналабыз. Ритейл – бул эң динамикалуу өнүгүп жаткан тармактардын бири, ар дайым сатып алуучуга карай алга кадам, жаңы чакырыктар, технологиялар жана инновациялык чечимдер.
Биз бүгүнкү күндө көп нерсеге жетиштик. Мен ишенем, алдыда биздин позицияларды рынокто мындан да бекемдөөчү жаңы бийиктиктер турат. Тренддерди түзүп, сатып алуу маданиятын калыптандырып, сатып алуучунун ишенимине ээ болуп, өнүгүү менен сатууда күч алып, лидерлик жолубузду уланта беребиз.
Бизди тарых жаратуучу, тез өнүгүүчү, горизонтторду кеңейтүүчү, кызыктуу жана шыктандыруучу иш күтүп турат.
Кылып аткан эмгегиңерге рахмат! Биздин команданын бир бөлүгү болгонума кубанычтамын жана ар дайым муну менен сыймыктанам!
Ийгилик, өнүгүү жана жаркын натыйжалар болсун!