Мамлекеттик деңгээлде лидерликти жана экономикага кошкон салымды таануу
- umai group
- Feb 3
- 1 min read

Президент Садыр Жапаров мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон ишкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жарлыгына кол койду.
Бул тууралуу Мамлекет башчынын Администрациясында билдиришти.
Сыйлык ээлери катарында биздин Аткаруучу директор Павел Кочергин, экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүүдөгү салымы үчүн ардак грамотасы менен белгиленди.
Павел Кочергинге берилген сыйлык анын кесипкөйлүгүн, лидерлик сапаттарын жана бизнести өнүктүрүүдө, жумуш орундарын түзүүдө, өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого кошкон олуттуу салымын жогору баалангандыгынын далили болду.
Компаниянын жамааты Павелдин сыйлыгы жана компаниянын жетишкендиктерин мамлекеттик деңгээлде таанылуусу менен куттуктайт жана сыймыктанат.
"Умай Групп" мындан ары дагы рыноктогу лидерлик позицияларын бекемдеп, Кыргызстандын экономикасына салымын кошуп, жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу жаатында ишмердүүлүгүн уланта берерине терең ишенебиз.