Умай Групптун» Биринчи Курултайы — ишке ашты!
- umai group

- 2 days ago
- 1 min read

25-ноябрда биз чындап маанилүү кадам жасадык — биринчи жолу кеңири курам менен «Умай Групптун» алгачкы Курултайында чогулдук. Бул күн бизге чоң команда экенибизди, ар башка дүкөндөрдө, өндүрүштөрдө жана бөлүмдөрдө иштесек да, ар дайым бирге экенибизди дагы бир ирет эске салды.
Биз көптөн бери экран аркылуу эмес, жумушчу чаттарда эмес, жандуу жана ачык диалог аркылуу жолугууга мүмкүндүк берген форматты издеп жүрдүк. Курултай дал ушундай форматтагы — жылуу, бириктирүүчү жана адамдык жактан маанилүү жайга айланды.
Светлана Ахмедгалиеванын жеке эффективдүүлүк боюнча тренинги күндүн башкы шыктандыруучу булагы болду. Өтө жөнөкөй жана колдонууга ыңгайлуу инструменттер, өсүү, эмоциялар, адаттар жана коммуникациялар тууралуу маек — баары биригип бизге күн сайын күчтүү болууга жардам берет.
Тренингден соң бардыгыбызды, ар кандай жумуш процессинен артык жакындаткан - күлкү менен шаң, жаңы таанышуулар жана жандуу баарлашууларды тартуулаган командалык оюндарга катыштык. Биз бири-бирибизден жөн гана кесиптештерди эмес, укмуштай энергиялуу, тамашакөй жана ачык инсандарды көрө алдык.
Бул Курултай бизге төмөнкүлөрдү эске салды:
✨ компаниянын күчү — адамдарда экенин
✨ тажрыйба алмашуу бизди жакшыртарын
✨ жалпы максаттар бириктирерин
✨ баарыбыз биргелешип иштегенден тышкары, бири-бирибизди шыктандырып тураарыбызды эске салды.
Жаныбызда болгон ар бириңиздерге чоң рахмат!


