top of page

Карьера

Umai Group — жаңы бийиктик!

Umai Group’ка жумушка орношуу — компаниялардын арасынан эң бийигине туш болуу!

Биздин компания токтоосуз өнүгүп жатат жана кызматкерлердин өнүгүүсүн колдойт

Адамдарды баалаганды билебиз: ар бир кызматкердин жетишкендиктерине жана кошкон салымына көңүл бурабыз

Биз заманбаппыз жана технологияга жакынбыз: бизде көп ар кандай кызыктуу тапшырмалар болуп турат

Рынокто күчтүү ордубуз бар, анткени чогуу команда катары иш алып барабыз

Биз менен карьераңды өнүктүрсөң болот

part_34.jpg

Umai Group —

адамдары менен күчтүү команда

Биздин баалуулуктар – бул жөн гана сөздөр эмес, бул ар бирибиз дайыма ушундай иш кыла тургандыгыбыз. Биз сиздер кандай адамдар менен бир командада иштээриңиздерди алдын ала билип алышыңыздарды каалайбыз.

  • Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек ш., 1997-жылдын 10-декабры, №90 Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө Файлды көчүрүп алуу

Umai Group командасына кошулгандар биздеги эмнени баалашат?

Компаниянын таанымалдыгын

ico0.png

Компаниянын ичинде кызмат ордунан көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүн

Эмгек акынын жакшы болгонун

ici2

Окутуу программаларын

Туруктуу жана ак эмгек акы

Өздүк өндүрүштөгү продукцияларга 30 % чейин корпоративдик арзандатуулардын болгонун

Социалдык жеңилдиктердин (төлөнүүчү эмгек өргүүлөрү, ооруп калгандыгы үчүн өргүүлөр) бар болгонун

ico3.png

Кесиптештер арасындагы жакшы мамилени

Umai'дагы жашоо

Биз үчүн компаниянын баалуулуктары өзгөрүүсүз бойдон калат, алардын эң негизгиси – адамдарга кам көрүү. Тездик менен өнүгүп, жаңы жумуш орундарын түзүп келе жаткан Umai Group командасы буга катыштыгы бар ар бир адамдын салымын, бири-бирине болгон сыйын жана кесипкөйлүгүн, өнүгүүгө жана дайым мыкты болууга умтулуу аракетин баалайт. 

 

Биздин корпоративдик иш-чаралар билим берүү сыяктуу эле көңүл ачуучу мүнөзгө да ээ. Мисалы, “Баарлашуу” деп аталган баарлашуу клубу менеджерлер жана дүкөндөрдүн директорлорунун тажрыйба алмашуусу үчүн түзүлгөн. Долбоордун алкагында жаңы бизнес-долбоорлорду ишке киргизүү, операциялык маселелерди чечүү, NPS жана CSAT индекстерин жакшыртуунун үстүндө иштөө боюнча талкуулар жүрөт.

 

Компания кызматкерлеринин физикалык жактан өнүгүүсүнө да чоң маани берет. Бизде компаниянын кызматкерлеринен гана түзүлгөн корпоративдик футбол командасы бар.  Компания команда үчүн каржы бөлөт: турнирлерге катышуу үчүн баштапкы төлөмдү, корпоративдик форманын акысын, машыктыруучунун кызматын жана машыгуу үчүн талаанын ижара акысын төлөп берет.

 

Ошондой эле ар кандай аралыктарга чуркоо боюнча жарыштарга катышкан кызматкерлердин командасы бар.

 

Албетте, көңүл ачуусуз болбойт, тематикалык тимбилдингдер, корпоративдик флэш-мобдор жана сынактар – кызматкерлерди позитивге бөлөп, күч-кубат берет. 

Квартал сайын биз корпоративдик мерчтерди чыгарып турабыз, аны материалдык эмес мотивация катарында колдонобуз. 

part_35.jpg
part_36.jpg

 — бул маданияттардын чырмалышы

  • Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек ш., 1997-жылдын 10-декабры, №90 Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө Файлды көчүрүп алуу

Umai Vacancy

Umai Group вакансиялары бөлүмүнө өтүңүз, дал ошол жактан бул тема боюнча көбүрөөк маалымат таба аласыз

Вакансиялар

Көңүл бургула

Потенциалдуу же учурда жумуш издеп жүргөндөр менен байланыш Umai Group’тун өкүлдөрү менен (соода тармактары: Globus, «Народный», «Достор» жана «SPAR Кыргызстан») компаниянын market.kg домендик зонасындагы расмий электрондук даректери аркылуу, анда  username@market.kg деп көрсөтүлөт же корпоративдик уюлдук байланыш аркылуу жүргүзүлөт. 

Жооптуу кызматкерлердин телефон номерлери аталган сайттын “вакансиялар” бөлүмүндө көрсөтүлгөн.

Алдамчылыкка каршы аракет

bottom of page