top of page

Компания

Мамлекет жана калк үчүн

«Умай Групп» компаниясы өз ишин 2002-жылдын июль айында баштаган, Кыргызстандын рыногунда лидер жана FMCG боюнча эң ири оператор болуп саналат.

Күн сайын биздин түйүндөрдөн сатып алууларды жасашат

Биздин компания жумуш орун менен камсыз кылат

Жыл сайын биздин компаниянын салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы

250 миң

кардарлар

6,5 миң

кыргызстандыкты

1,5 млрд.

сомдон ашуун

Биздин түйүндөр

«Народный» дүкөндөр тармагы өз ишин 2002-жылы баштаган. 

«Народный» тармагы – Бишкек, Кара-Балта, Кант, Токмок, Чолпон-Ата, Бостери шаарларындагы “үйдүн жанында” форматындагы биринчи дүкөн. “Народный” дүкөнүнүн орточо аянты 350 чарчы метрди түзөт, анын ассортименти 7000ден ашык товардык позицияны камтыйт.

 

2015-жылы компания көп форматтуу Globus дүкөндөр тармагын ишке киргизген. Бүгүнкү күндө Globus тармагы жүгүртүү көлөмү, калктуу конуштарды камтуу жана керектөө трафиги боюнча Кыргызстандагы эң ири соода түйүнү болуп саналат.

Тармактын дүкөндөрү төрт форматта иштейт: “Экспресс”, “Супермаркет”, “Гипермаркет” жана “Береке” – алкоголдук ичимдиктерди жана курамында чочконун эти бар азыктарды сатпаган формат. 

Мындан тышкары Globus тармагынын интернет-дүкөнү бар: www.globus-online.kg, анын «текчелеринде» тармактын дүкөндөрүндөгү бардык товарлар жайгаштырылган, демек, каалаган жерден жана каалаган убакта сатып алса болот!

 

2021-жылы “Достор” катуу дискаунтерлер түйүнү ишке киргизилген. Биз кардарлар менен чындап эле доспуз, анткени “Достор” – бул достук баалардагы дүкөндөр тармагы. “Достор” дүкөндөрүндө биз менен соода кылуу ар дайым пайдалуу болоруна кепилдик беребиз!

Анткени бизде төмөнкүлөргө кошумча чыгымдар жок: 

  • кызматкерлердин чоң штаты, 

  • ашыкча дүкөн аянты, 

  • өтө кенен ассортимент: биздин дүкөндөр 1200гө жакын эң популярдуу товарларды жана жеке соода маркаларды сунуштайт.

«Достор» – керектүүлөр гана жана ашыкча эч нерсе жок! 

2023-жылы компания чекене дүкөндөрдүн эл аралык тармагына лицензия алды жана SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп саналат. SPAR тармагынын алгачкы эки дүкөнү 2023-жылдын жайында Бишкек жана Балыкчы шаарларында ачылган. Бүгүнкү күндө Umai Group Кыргызстандын рыногунда белгилүү эл аралык бренддин жумушка болгон мамиленин көп жылдык салттарын жана принциптерин ийгиликтүү улантууда.

22 жыл

кемчиликсиз жумуштун

4

ийгиликтүү соода тармагы

10 миң

товардык позициясы

Өздүк өндүрүш

Өздүк өндүрүш департаменти биздин ашпоздор тарабынан кылдат жана мээримдүүлүк менен даярдалган гастрономиялык азыктары менен белгилүү. Уй эти, тоок эти жана балыктан жасалган ысык тамактардын укмуштуудай тандоосу, түрдүү салаттар, закускелер, токочтор, нан азыктары жана кондитердик азыктар – мунун баары биздин түйүндөрдүн кардарларынын чыныгы сүймөнчүлүгүнө айланды.

 Өздүк өндүрүш департаменти – компаниянын ири бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Ал үч негизги блокту камтыйт:

Фабрика-ашкана, Дүкөндөрүндө локалдык өндүрүш, Нан заводу

Тармактарга күн сайын 13 миң даанадан ашык нан азыктарынын социалдык маанилүү түрлөрүн жиберүүчү нан заводу.

zavo.jpg

Бардык дүкөндөр тармагын продукция менен камсыз кылган фабрика-ашкана. 

fabri.jpg

Дүкөндөрүндө локалдык өндүрүш, өзү жайгашкан дүкөндү продукция менен камсыз кылат, ошондой эле өндүрүлгөн продукцияны тармактын башка дүкөндөрүнө жөнөтөт.

LOCAL.jpg

Жеке соода маркалары (ЖСМ)

Өздүк өндүрүш департаментинин артынан биздин жеке соода маркабыз ишке киргизилген. Биздин жеке соода маркаларыбыз ишенимдүү өндүрүш заводдору менен өнөктөштүктө гана чыгарылат.

Tortavita соода маркасы – аны менен жашоо таттуу! Бул бренд менен торттор, таттуу токочтор, улуттук жана башка таттуулар чыгарылат.

lo_tor.png

“№1” соода маркасы – бул аналогдор арасындагы эң арзан баадагы товарлардын кеңири түрү.

lo_n1.png

«Пряник-Румяник» соода маркасы. Марканын аталышы өзү үчүн сүйлөйт: бул ар түрдүүлүгүнүн аркасында ар бир адамга жага турган чай ичүү үчүн азыктар.

lo_pr.png

“Байказан” соода маркасы – бул бренд үй кожойкелерине даамдуу жана пайдалуу тамак-аштарды даярдоого жардам берет. Анда жогорку сапаттагы тоңдурулган азыктар жеткиликтүү баада болот.

lo_bai.png

“Баатыр” бренди – дайыма ток кармоочу бренд! Шашылышта бат-баттан шам-шум эте калуу үчүн сэндвичтер, гамбургер, пицца жана түрдүү колбаса азыктары.

Log.jpg

Логистикалык инфраструктура

Эми товарлардын текчелерге кандайча коюлары тууралуу бир аз маалымат. Учурда компаниянын логистикалык инфраструктурасы элүүдөн ашык орточо жүк ташуучу унаалардын паркын жана жалпы аянты 16000 чарчы метрден ашкан төрт бөлүштүрүүчү борбор-кампаны камтыйт, алар 6600 аталыштагы товарды өткөрүүгө жөндөмдүү. 

Күн сайын бөлүштүрүүчү борборлордон жана Өздүк өндүрүштүн продукцияларынын фабрикасынан товарлардын бардык көлөмү күнү-түнү дүкөндөргө 30дан ашык ар кандай жеткирүү жолдору аркылуу жеткирилет.

  • Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек ш., 1997-жылдын 10-декабры, №90 Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө Файлды көчүрүп алуу
help.jpg

Өнөктөштөргө

Өнөктөштөр үчүн маалымат

Сатып алуучуларга

Сатып алуучулар үчүн маалымат

Umai Group'тун тарыхы

bottom of page