18-июлда, Umai Group компаниясы, 23 жылдыгына карата кызматкерлерге «Эмгек сиңиргенидиги үчүн» эстелик тыйындардын тапшыруу аземин өткөрдү.
- umai group

- Jul 21, 2025
- 1 min read

Жылуу жана жагымдуу атмосферада номинанттарды жаркын майрамдык шоу-программа менен тосуп, жагымдуу сюрприздерди, баалуу белектерди ойноттук.
Майрам чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектер жана жүрөк толкуткан учурлар менен коштолду.
Жакшы салтка айланып калган бул иш-чарада эң берилген кесиптештерге 1000ден ашык эстелик сыйлыктар тапшырылды:
🏅 Коло тыйындар — Umai’da 3 жылдан ашык иштегендерге
🥈 Күмүш тыйындар — 5 жылдан ашык иштегендерге
🥇 Алтын тыйындар — 10 жылдан ашык иштегендерге
Бул тыйындар жөн гана сыйлыктар эмес. Бул — кызматкерлерибиздин күнүмдүк эмгегине, кесипкөйлүгүнө жана орток ишке кошкон энергиясына болгон чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыктын символу.
Компаниянын жетекчилиги атынан биздин командада иштеп, бизге ишенген ар бир кызматкерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздер Umai Group'ту күчтүү, максаттуу жана чыныгы компания кылып жатасыздар. Командабыздын бөлүгү болгонуңуздар үчүн рахмат.
Биз келечекке ишеним менен карайбыз. Бизди чоң максаттар жана кеңири долбоорлор күтүп турат. Биз лидерлик позициябызды мындан ары да бекемдеп, өнүгүүнү улантабыз, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сапат стандарттарын жогорулатабыз.
Биз менен бирге экениңиздерге рахмат.
Туулган күнүң менен, Umai Group!
Алга – жаңы бийиктиктерге жана жеңиштерге!


