«Твой ЭКО заряд». «Умай Групп» менен бирге экологиялык кыймылдын бир бөлүгү бол!
- umai group
- Apr 14
- 2 min read

Батарейкаларды утилизация кылуу эмне үчүн маанилүү экенин билесизби? Ойлонуп көрсөңүз: табиятка ыргытылган бир эле батарейка 20 чарчы метрге чейин жерди булгап, анын жашоочуларын жана өсүмдүктөрүн уулайт.
Экологияга келтирилген зыянды төмөндөтүүчү, батарейкаларды атайы ыкмалар менен утилизациялоочу жолдор бар. Повербанктарды ижарага берген «Твой заряд» сервисинин демилгесинин жардамы менен батарейкаларды атайы жолдор менен утилизациялоо, ар бир кыргызстандыкка жеткиликтүү. Болгону бизге ошкоп планетанын саламаттыгын сактоо ниети гана керек.
«Умай Групп» компаниясы жоопкерчиликтүү бизнес эстафетасын кабыл алып, «Твой ЭКО заряд» челленджине кошулду. Компаниянын борбордук кеңсесинде, коммерциялык департаментинде, маркетинг жана IT офистеринде, компаниянын ар бир дүкөндөрүндө жана бөлүмдөрүндө эски батарейкаларды чогултуучу пункттары уюштурулду.
Сиз дагы маанилүү экологиялык кыймылдын бир бөлүгү боло аласыз. Көздөгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн, колдонулган эски батарейкаларды үйдөгү таштанды контейнерге, же офситеги таштанды челекке эмес, биздин дүкөндөргө алып келип, атайын биздин кызматкерлерге тапшыруу керек.
Бардыгыбыздын негизги максатыбыз – бир айда үч тонна батарейка чогултуу! Айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо жаатында күч-аракеттерибизди бириктирсек, пландаган максатка оңой жетебиз.
Эко акцияга болгон кызыгууну арттыруу үчүн биз эки шарттуу конкурс жарыяладык. Катышуучулар эски батарейкаларды чогултуу үчүн эң креативдүү кутучасын жасап, кайра иштетүүгө максималдуу санда батарейка чогултушу керек. Конкурста жеңген беш команда жагымдуу, баалуу белектерге ээ болушат. Ал эми бул экологиялык демилгеге катышкандар, жаратылыш ресурстарын сактоого кошкон салымы үчүн өздөрүнө ыраазы болушат.
Жаратылышка аяр мамилесин көрсөтүп, бул миссияны биз менен кошо бөлүшкөн ата мекендик компанияларга ыраазычылык билдиребиз. Челленджге төмөнкү компаниялар катышууда:
ОсОО Level Construction
Lalafo
Группа компаний «Тойбосс»
ООО «Скай Мобайл»
ОсОО N-Group
ОсОО «Кондитерский дом «Куликовский»
ЗАО «Банк Азии»
ЗАО «Банк Компаньон»
ОАО «MBANK»
ОсОО «Жаз Строй»
ЗАО «Альфа Телеком»
Compass college
Bishkek Petroleum
Сиз дагы кошулуңуз! Ар бир коопсуз жол менен утилизацияланган батарейка – бул айлана-чөйрөнүн саламаттыгына кошкон чыныгы салым. Бардыгыбыз Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш байлыктарын сактап, өзүбүз жана келечек муундар үчүн туруктуу, экологиясы таза дүйнөнү курабыз.